• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ошто 21 жаштагы кош бойлуу келин ооруканада каза болду

14 Бугу 201913:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Коммунист айылынын тургуну 21 жаштагы 6 айлык кош бойлуу Гүлзат Нурбек кызы ооруканада каза болду. Бул тууралуу материалды иликтөөгө алган журналист, блогер Адыл Акжол уулу Govori.ТV агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү журналистке маркумдун атасы бир күн мурун байланышып, кызына доктурлар кайдыгер мамиле жасап жатканын айткан. Ал эми 13-май күнү эртең менен 7:40 да кош бойлуу келинге кан жетишпей ахыбалы начарлап көз жумган.
Катталган окуя боюнча, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын гематология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Бактыгүл Айсариева төмөнгүлөрдү билдирди:

“Бейтап бизге 30-апрель күнү кайрылган. Кан ооруларынын эң татаал, айыккыс оорусуна чалдыккан деген диагноз коюлган. Келин бизге келгенде эле оор ахыбалда болчу. Ага кошумча 6 айлык кош бойлуу экен. Бул ооруну дарылоо методдору өтө аз болгондуктан, көп учурда кайгылуу окуя менен аяктайт. Маркум келиндин ата-энесине кан донорун көбөйтүү керектигин алдын ала айтканбыз”,- деди Б. Айсариева.

Кошумчалай кетсек, Гүлзат Нурбек кызы 20-ноябрында турмушка чыккан. 2 айлык кош бойлуу кезинде Москвага жолдошуна барып, бир ай турган соң Кыргызстанга кайтып келген. Жакындарынын айтымында, Орусиядан келген соң орубай эле жүрүп 30-апрелде оорукана түшкөн. Ал 3 күн төрөтканада жатып, абалы жакшырганда гематология бөлүмүнө которулган.

Белгилүү болгондой, дарыгерлерге карата маркумдун жакындары доо арыз жазган эмес. Бирок, жакынын жоготкон инсандар, дарыгерлерди бейтап кароодо кайдыгерлик кылбаса деген өтүнүчүн айтышууда.


Количество просмотров: 17