• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ошто 23 жаштагы жаран сууга чөгүп кетти

17 Кулжа 20229:15 Бишкек Govori.TV

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Курбан-Кара айылындагы Савай каналына 23 жаштагы жаран чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 1999-жылы туулган М.С. аттуу (эркек киши) жаран болгон.

«Жерине Кара-Суу райондук №102 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес. Кечээ караңгы киргендигине байланыштуу издөө иши токтотулган»,-деп айтылат мааылыматта.

Издөө иштери бүгүн уланат.

Количество просмотров: 145