• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Нарында 80 жаштагы карыяны издөө иштери убактылуу токтотулду

13 Теке 2022 12:28 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан Нарын шаарынын 80 жаштагы Т.Ж. аттуу тургунун издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

«Себеби, жайдын аптабында күн ысып, “Нарын” дарыясынын суусу кирип, издөөгө мүмкүн эмес. Ошондой болсо да бул жагдай көзөмөлгө алынып, дарыяга жакын жайгашкан айылдардын башчыларына суудан адамдын сөөгү табылып калса кабарлоо керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Аны издөө учурунда кийимдери “Нарын” дарыясынын жээгинен табылган. Мындан улам куткаруучулар жана туугандары менен биргеликте бир нече топторго бөлүнүп, дарыя жээктеп батышты карай издөө иштерин жүргүзүп келишкен.

Количество просмотров: 252