• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда өспүрүм 12 күндөн бери дайынсыз болууда

12 Чын куран 202316:20 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылынын тургуну, 14 жаштагы М.Ф. аттуу өспүрүмдү издөө иштери бүгүн да уланууда. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.

Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучусу 31-марттан бери дайынсыз болууда.

Количество просмотров: 118