• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

28 Бугу 2023 11:49 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү 27-майда саат 19:24тө орун алган.

Жердин силкинүүсү Өзгөн районунун Шералы, Шоро-Башат, Кароол айылдарында жана Өзгөн шаарында — 3,5 балл, Кара-Дыйкан, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында — 3 балл, Мырза-Аке, Большевик, Куршаб айылдарында — 2,5-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 63