• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ошто 30-ноябрдан тарта 1-класстар мектепте окуйт

21 Жетинин айы 20209:15 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын мектептеринде 1- класстар 30-ноябрдан тартып салттуу түрдө окуй баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.

20-ноябрда Ош шаарында эпидемиологиялык абалды талкуулоо үчүн республикалык штабдын Оштогу координатору, мэрия өкүлдөрү жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышкан жыйын өттү.

“Штаб 6-октябрдан баштап аралыктан окуп жаткан 1-класстын окуучуларын 30-ноябрдан тарта мектепте окутууну чечти. Болгону алар санитардык эрежелерди сакташы керек”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле менчик мектептер менен бала бакчалар эшигин ачат. Бирок мамлекеттик бала бакчалар азырынча иштебей турганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 300