Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын короосунан болжол менен 30-35 жаштардагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Замирбек Сыдыков Govori.TVга билдирди.
Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиргендей, белгисиз адамдын жансыз денеси 26-октябрь күнү саат 11:30 чамасында табылган.
Маркумдун жансыз денеси короодо жатканына 1-2 айдай убакыт болгон. Азыркы тапта анын аты-жөнү такталууда. Ал эми денесине күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, маркумга тийиштүү экспертизалар дайындалды,-деп айтылат маалыматта.