Ош шаарынын 40 жаштагы тургуну үйүнүн гаражына асынган абалда табылган. Окуя 26-сентябрда болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, өзүнө кол салган адам жакындарына кат жазып калтырган. Аны асынган жеринен иниси көрүп калып, ооруканага алып барган. Бирок ал каза болуп калган.
Жакындарынын айтымында, акыркы убактарда психологиялык жактан жабыркап жүргөн. Аялы менен ажырашып кеткен. Төрт баласы бар болчу.