• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто 6 окуучу ууланып, ооруканага түштү

4 Бирдин айы 202116:06 Бишкек Govori.TV

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө 3-класстын 6 окуучусу ууланып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына түштү. Маалыматты Govori.TVга аталган оорукананын башчысынын орун басары Жыргал Кадыров тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2-февраль күнү саат 14:10дор чамасында балдар белгисиз нерседен ууланып, облустук ооруканага келип түшкөн. Алтоонун бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми эки окуучунун абалы жакшырып, кечээ, 3-февраль күнү, үйүнө чыгарылды.

Ага ылайык, алты окуучу тең айылдагы Дадан Султанов атындагы жатак интернатында билим алышчу.

«Учурда төрт окуучу неврология бөлүмүндө дарыланып жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Алардын эмнеден уулангандыгы азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 245