• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Ошто 6 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

10 Жалган куран 2022 11:25 Бишкек Govori.TV

Жаш кызды зордуктоодо күнөөлүү деп табылган жаран прокуратуранын сунушу менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук сотунун өкүмү менен, Н.у.А. аттуу жаран 6 жаштагы кыздын алсыз абалынан пайдаланып, ага карата өзгөчө мыкаачылык менен ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы, анын ден-соолугуна физикалык жана психологиялык залал келтиргендиги үчүн, “зордуктоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Райондук прокуратура бул өкүмгө макул эместигин билдирип, анын жазасы жасалган кылмыштын оордугуна дал келбегендиги үчүн апелляциялык сунуштама келтирген.

Натыйжада, Ош областтык сотунун өкүмү менен апелляциялык сунуштама канааттандырылып, Н.у.А. карата өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды.

Количество просмотров: 184