• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктоодо

12 Кулжа 202511:12 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын Черемушка кичи районунда 700 окуучуга ылайыкташкан Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатынын жаңы имаратынын курулушу соңуна чыгып калды. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

«Сыртында футбол аянты, даараткана, тосмолор жана от кана жайгашкан. Мектеп бүтүү алдында турат. 20-июнга чейин курулушу аяктайт деп пландалган», — деди капиталдык курулуш башкармалыгынын көзөмөлчүсү Акылбек Акаев.

Белгиленгендей, Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернаты 700 орунга ылайыкташып, анын ичинен 500 окуучу үчүн жатып окуу шарты каралган. Интернатта спорт залы, спорт аянтчалары, эс алуу багы, санитардык бөлүм жана бардык заманбап шарттар түзүлөт.

Количество просмотров: 141