Ошто окуучу кызды сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-сентябрь күнү, болжол менен саат 18:30дар чамасында, Ош шаарынын Анар кичи шаарчасынын тургуну, 8 жаштагы К. Р. атуу жаран, Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан Манас-Ата кафесинин алдында батыштан-чыгышты көздөп жөө өткөөлдөн өтүп бара жаткан учурда, Дэу-Матиз үлгүсүндөгү автоунаа койдуруп, андан кийин Хонда-СРВ үлгүсүндөгү автоунаасынын алдын сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган.
Натыйжада К. Р. ден соолугунан жараат алып, Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген.
29-сентябрь күнү, аталган автоунаа жана айдоочусу 27 жаштагы А.Б.Б. атуу Ош шаарынын тургуну, Ош ШИИ боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн Издөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан табылып, унаасы айып короого киргизилип, ээси Ош шаардык ИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.