• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ошто адам сатуунун алдын алууга арналган жыйын өттү

14 Аяк оона 2018 8:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.09.2018.Govori.TV.
Оштогу «Благодать» коомдук фонду Ош, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыядагы тургундарга адам сатуунун алдын алууга багытталган үч күндүк окуу өткөрдү. Жүзгө жакын адам катышкан жыйында миграция кызматынын, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери юридикалык кеп-кеңештерди берип, кулчулукка кабылып калбоо жаатында тажрыйба алмашышты.

«Благодать» коомдук фонду быйыл май айынан бери «Мигранттын мектеби» аттуу долбоорду иштетип келүүдө. Андан бери сыркта иштегени барам деген 300дөн ашуун кишиге акысыз юридикалык кеп-кеңеш берилди. Адам сатуунун алдын алууга арналган жыйындар да мына ушул долбоордун алкагында өтүүдө. Каржылык колдоону АКШнын Кыргызстандагы элчилиги көрсөтөт.

Количество просмотров: 28