• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто аял 8 айлык баласы менен 4-кабаттан учуп кетти

7 Аяк оона 20189:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.09.2018. Govori.TV
Ош шаарынын Черемушка районундагы көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынын терезесинен 8 айлык наристеси менен кошо бир аял учуп кеткен. Кырсык 6-сентябрда болжол менен кечки саат 5тер чамасында болгондугу айтылат.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул тууралуу маалыматты тастыктап, кырсыкка кабылган аял,  Ош шаарына  Кара-Балтадан келгенин айтышты. Учурда милиция кызматкерлери изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Аял менен бала ооруканага жеткирилди. Алдын ала маалыматтарга караганда аял алгач узартылган үй чатырына кулап, андан соң жерге түшкөн.
Количество просмотров: 73