• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акаев Кыргызстандан чыгып кетти

8 Баш оона 2021 19:56 Бишкек Govori.TV

Кумтөр ишинин алкагында Кыргызстанга келген мурдагы президент Аскар Акаев бүгүн, 8-августта Москвага учуп кетти. Бул тууралуу Акаевдин санаалашы Бекболот Талгарбеков билдиргенин «Азаттык” жазды.

Маалыматка караганда, Акаев каалаган учурда Кыргызстанга келе алат. Бирок качан кайтып келери белгисиз.

Буга чейин Акаев кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап, Кумтөр алтын кени боюнча элден кечирим сураган.

Кошумчалай кетсек, Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта бийликтен кулатылып, үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал 2-августта Бишкекке келген болчу.

Количество просмотров: 545