• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жириновскийдин баласы аты-жөнүн өзгөрттү

24 Бугу 2022 13:29 Бишкек Govori.TV

Орусиянын либерал-демократиялык партиясынын (ЛДПР) негиздөөчүсү, маркум Владимир Жириновскийдин уулу Лебедев Игорь Владимирович аты-жөнүн өзгөрттү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, азыр анын аты-жөнү Гарсиа Давид Александрович. Ал фамилиясын 2021-жылдын жай айларында алмаштырган.

Саясатчынын мындай кадамга баруусуна бир нече фактылар себеп болгону болжолдонууда. Алардын бири Евробиримдик тарабынан ага каршы киргизилген санкциялардан качуу экени айтылат.

Эске салсак, мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский 6-апрелде көз жумган. Лебедев атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан эмес.

Количество просмотров: 57