Ошто Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында С.И. аттуу 5 жашар бала кечээ күнү Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып түшүп кеткен.
Ошол эле күнү жерине 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган, натыйжа болгон жок.