• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ошто «Ак-Ниет» сейил багы ачылды

6 Тогуздун айы 2019 21:14 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында Ош шаарындагы «Ак-Ниет» сейил багынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Премьер-министр жаңы сейил бак Ош шаарынын жашоочулары жана меймандары үчүн жакшы көргөн жайга айланарына ишеним билдирди.

Бардыгыңыздарды үч миң жылдык тарыхы бай маданияты жана өзгөчө чөйрөсү бар Ош шаарынын күнү менен куттуктайм. Ош шаары – республикалык маанидеги шаарлардын ичинде чоңдугу боюнча экинчи орунда туруп, экинчи борбор калаа катары эсептелинет. Шаар географиялык жана стратегиялык жактан маанилүү жерде жайгашкан. Акыркы мезгилде шаарда заводдор жана фабрикалар башка өндүрүштүк объекттер курулуп жатат. Бул кубандырарлык факт. Оштун көрүнүшү да өзгөрүүдө, жаңы кооз имараттар жана сейил багы ачылууда. Ош аэропорту инфраструктурасын жакшыртты. Шаар өзүнүн тургундары үчүн идеалдуу болуп, анда ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек: бала бакча, мектеп, эс алуу сейил багынын саны көп болушу абзел. Оштун гүлдөп-өсүүсү, бай тарыхы шаардын экономикасынын кубаттуулугу жана өнүгүүсү мамлекет үчүн маанилүү, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.


Количество просмотров: 78