• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Ошто Алымбек датканын эстелиги тургузулду

26 Баш оона 202519:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Ош шаарында Алымбек Датканын эстелигин жана жаңыланган скверди ачуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Алай районунун акими, Алымбек датканын Алайдан келген урпактары жана калаа тургундары катышты.

Иш-чара сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолуп, Алымбек датканын доорундагы элестер чагылдырылды. Ошондой эле Алымбек датканын тарыхта калтырган изи, кыргыз элинин биримдигин, мамлекеттин бекемдигин сактоодогу эбегейсиз орду тууралуу айтылды.

Ош шаарынын мэриясы Алымбек датканын эстелигин тургузуу менен катар айкелдин айланасындагы скверди көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тротуарларды оңдоо иштерин да жүргүздү.

Количество просмотров: 168