• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто арзан баада 300 тоннага жакын көмүр сатылды

16 Жетинин айы 2022 15:35 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында эки күн ичинде арзан баада 300 тоннага жакын көмүр сатылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэриясы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдүн тоннасын 4800 сомдон сатуу боюнча калаа ичинде төрт пункт уюштурган.

Мэриядан белгилешкендей, талапка ылайык, бир адамга 1 тоннадан ашык көмүр сатылбашы керек.

Шаардын аймагында көмүрдүн тоннасы 4800 сомдон төмөнкү даректерде сатылууда:

  • Жапалак айыл аймагы (Татар айылы);
  • “Туран” МАБ (№122 маршруттук линиянын акыркы аялдамасы);
  • “Амир-Тимур” МАБ (Айни көчөсү, 83; Калинин массиви – №123 маршруттук линиянын акыркы аялдамасы).
Теги:
Количество просмотров: 74