• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто атышкандар белгилүү мушкерлер болгонбу?

23 Аяк оона 2019 11:58 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында белгилүү спортчулардын ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Бул тууралуу Turmush сайты жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 21-сентябрь күнү кечинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Белгилүү 2 мушкердин ортосунда чыр чыгып, ок атылган. К.С. жана Р.у.Т. Кара-Суу районундагы эң мыкты деп саналган спорт клубдун спортчулары. Р.у.Т. мурда Араван районунда милиция кызматында иштеп кеткендиги дагы айтылууда.

«Аталган факт Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Материалдар тергөө үчүн ИИМдин аймактар аралык башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматына жөнөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган спортчулар тууралуу эмне белгилүү?

Р.у.Т. Түштүк Кореяда өткөн ММА боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынган. Макаодо (Кытай) өткөн мелдеште дүйнө чемпиону аталган.

К.С. шаардык дене тарбия жана спорт комитетин жетектейт. Вале-тудо боюнча Азия жана Евразиянын чемпиону. Кикбоксинг, самбо жана күжүрмөн самбо боюнча спорт чебери.

Количество просмотров: 124