Ош шаарында автобус толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Гапар Айтиев көчөсүндө, Сулайман-Тоосунун маңдайында эртең мененки саат 10:18 де Ош шаардык мэриясынын муниципалдык авто ишканасынын 13-каттамдагы жүргүнчү ташуучу автобусу күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Өрт чыккан жерге ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү бөлүмчөсү саат 10:20 мүнөттө чыгып, өрт саат 10:26 мүнөттө чектелип, 10:42 де толугу менен өчүрүлгөн. Өрт кырсыгы болгон жерге өрт өчүрүү бөлүмүнөн 6 кызматкер өрттү өчүрүүгө жана куткарууга тартылган. Автобустун болжолдуу 10 чарчы метр арткы жүргүнчүлөр отуруучу жайы, жана кыймылдаткыч тарабы күйгөн»,-деп айтылат маалыматта.
Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.