• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ошто автоунаа уурдап жүргөн окуучу кармалды

13 Жетинин айы 2018 17:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.11.2018.Govori.TV.
Ош шаарында “Тико” үлгүсүндөгү эки автоунаа уурдаган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Оштун 33 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, автобазардын алдындагы жол боюна сатыш үчүн коюп кеткен автоунаасы жоголгонун билдирген. Дагы бир 23 жаштагы тургун машинесин калаанын Көкүмбий көчөсүндөгү үйүнүн жанында токтотуп койгон жеринен уурдатып жибергенин айтып даттанган.
Жүргүзүлгѳн издөө, иликтөө иштеринин натыйжасында автоунааларды уурдоого шектүү катары Ош шаарынын жашы жете элек тургуну (Д.М.) кармалды. Ал өз көрсөтмөсүндө автоунааларды ачкыч тандоо жолу менен эшиктерин ачып жана жүргүзүп, автоунааларды шаарда такси катары пайдаланганын айткан. Ал иши бүткөн соң транспортторду шаардан сырткаркы ээн аймактарга таштап кеткенин билдирген. Окуучунун көрсөтмөсү менен эки автоунаа тең табылды.
Кармалган өспүрүмгө карата “Автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу” беренеси менен иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн бөгөт чарасы каралууда.
Количество просмотров: 32