• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ошто аялына бычак сайган делип жолдошу кармалды

12 Чын куран 2022 16:30 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында пикир келишпестиктен улам аялына бычак сайган делип жолдошу кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, 7-апрелде Ош шаарынын М.Калинин конушунун 58 жаштагы тургуну денесинин төрт жеринен бычак жеп, оор абалда Ош облустук ооруканасына коңшулары тарабынан жеткирилген. Ак халатчандардын жана коңшуларынын ыкчам аракетинен улам аялдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон.

Окуя болгон жерге Ош шаардык милициясынын жетекчилиги, ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Аталган факты боюнча шектүү катары жабырлануучу аялдын 63 жаштагы С.Х., аттуу жолдошу кармалган. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, 7-апрелде С.Х., өз үйүнүн короосунда аялын өлтүрүү максатында алдын ала даярдаган ашкана бычагы менен көкүрөк тушуна бир нече ирет сайып жиберген.

“Ызы-чууну угуп жетип келген коңшулар тарабынан тараптар ажыратылган. Жабырлануучуну коңшулары Ош облустук ооруканага жеткирген. Жубайлардын ортосундагы чыр пикир келишпестиктен улам келип чыккан”, — деп айтылат маалыматта.

Шектүү С.Х., Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 9-апрель күнү Ош шаардык соту тарабынан тергөө амалдары аяктаганга чейин аны абакта кармоо боюнча бөгөт чарасы тандалган.

Кылмыш кодексинин 122-беренесинин (“Адам өлтүрүү”) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Количество просмотров: 100