• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Ошто бала бакча мамлекетке кайтарылды

29 Чын куран 20259:06 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Көкүм-Бий көчөсүндө жайгашкан №18 балдар бакчасы мыйзам талаптарын бузуу менен 1998-жылы жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 120 млн сом болгон бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды.

Количество просмотров: 151