• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто батирден 53 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды

11 Чын куран 20229:41 Бишкек Govori.TV

Ошто батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10-апрель күнү Алай көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирдин тургуну байланышка чыкпай жаткандыгы жана батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылып, батирдин бекилип калган эшигин ачышканда, ичинде 53 жаштагы А.М. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 213