• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто белгисиз адамдар үч кишини атып кетти, экөө каза болду

19 Жалган куран 2021 11:06 Бишкек Govori.TV

Ошто белгисиз адамдар үч кишини атып кетти. Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 19-мартка караган түнү окуя шаардын Ленин көчөсүндө болгон. Жолдун четинде токтоп турган «Хонда Инспайер» үлгүсүндөгү машинеде отурган үч кишиге таңга жуук, саат 03:15 чамасында белгисиз адамдар ок чыгарган.

«Кол салуудан улам 31 жана 21 жаштагы эки жаран оор жараат алып, ооруканага бараткан учурда каза болгон. 31 жаштагы дагы бир жарандын абалы оор. Жабырлануучу Өзгөн райондук аймактык ооруканасында жатат. Кылмышка шектүүлөр окуя болгон жерден качып кеткен. Аларга издөө жарыяланды»,-деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

Количество просмотров: 170