• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн 10 жана 20 жылдык мааракелерине тыюу салынат

27 Чын куран 202015:44 Бишкек Govori.TV

Быйыл мектептердин, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн салт болуп калган 10, 20, 30, 40 жылдык мааракелерин өткөрүүгө өзгөчө абал бүткөнчө уруксат берилбейт. Бул тууралуу Ош аймагынын коменданты Малик Нурдинов 27-апрелде брифингде билдирди.

Анын айтымында, мындай мааракелерди өткөрүү өзгөчө абалдын эреже-талаптарын бузат.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Бардык билим берүү уюмдары карантинге жабылып, окуучулар жана студенттер аралыктан окутуу системасы аркылуу билим алуусун улантууда.

Количество просмотров: 329