• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ошто үч эм төрөлдү

14 Аяк оона 2023 9:49 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу Гүлжамал Каратаева 27-августта үч эм төрөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-август күнү Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Каратаева Гулжамал Ош шаардык төрөт стационарында үч эмди операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келди.

«Эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы. Бул күнгө чейин Гулжамал бир кыздын энеси болсо,эми минтип үч кызды төрөп төрт баланын энеси болгонуна кубанычында чек жок. Кыздардын ысымын Рабия, Алия жана Асия деп аташкан»,-деп жазылат маалыматта.

13-сентябрь күнү ымыркайлар энеси менен биргеликте канааттандырарлык абалда үйгө чыгарылган.

Теги:
Количество просмотров: 90