Ош шаардык төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу аталган төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова билдирди.
Анын айтымында, үч эмди 16-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылынын 31 жаштагы тургуну А.А. жарык дүйнөгө алып келген. Ымыркайлар операция жолу менен төрөлдү. Үчөө тең кыз. Биринчи ымыркай 2,3 кг салмак менен төрөлсө, экинчиси 2,8 кг, үчүнчүсү 2,1 кг салмакта төрөлүшкөн.
Ош шаардык төрөт үйүндө жыл башынан бери жетинчи ирет үч эм төрөлүп жатат.
Булак: turmush.kg