• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто чек арачы өзүн-өзү атып каза болгону кабарланды

8 Чын куран 202617:34 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүмдөрүнүн биринде аскер кызматкери өзүн-өзү башка атып алган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, келишимдик негизде кызмат өтөп келген 2004-жылы туулган И. уулу А. АК-74 автоматынан өзүнө ок атып, өмүрүнө кол салган (суицид).

Бул факт боюнча тийиштүү укук коргоо органдарына маалымат берилди. Териштирүү иштери башталды.

Теги:
Количество просмотров: 218