• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Ошто дүкөн тоногон деген шек менен Өзбекстандын төрт жараны кармалды

14 Үчтүн айы 20219:06 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында телефон саткан дүкөндү тоногон деген шек менен Өзбекстандын төрт жараны кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта кармалгандар 8-январь күнү дүкөндөн жалпы суммасы 500 миң сомдук чөнтөк телефонду карактап кеткени айтылат.

«Аларга тинтүү жүргүзгөндө дүкөнгө тиешелүү телефондор, андан сырткары бүктөмө бычак, ПМ үлгүсүндөгү номуру өчүрүлгөн тапанча табылды», — деди Ош шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган тараптын өкүлдөрү маалымат бере элек.

Количество просмотров: 57