1-декабрда Ош шаарындагы “Бостон”, “Бексултан” жана “Тешик таш” базарларында иштеген 100гө чукул соодагер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы болуп, мэриянын алдына нааразылык акцияга чыгышты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Алар өкмөттүн жаңы салык саясатына каршы экенин билдирип, патент системасын калтыруу талабын коюп жатышат.
1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери да көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы митингге чыгышты. Алар Министрлер кабинетинен патент системасын калтырууну жана ККМди жокко чыгарууну талап кылышууда.
29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери да көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдына акцияга чыгышкан.