Бүгүн, 20-мартка карата Кыргызстанда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирди.
Министрдин маалыматы боюнча, алар Ош облусунун Ноокат районундагы жашоочулар.
«Кыргызстанда жалпы илдетке чалдыккан 6 бейтап бар. Бейтаптар изоляцияналып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Коронавируска чалдыккандардын жаӊы учурлары Умрага кичи хаджга барып келгендерден аныкталды. Кооптонууга негиз жок, карантинди сактап, көп эл чогулган жайларга жана иш-чараларга барбай, эгерде кандайдыр бир оору белгилери байкалса, үйдөн чыкпастан тез жардам кызматына байланышып, медиктердин сунуштамаларын так аткаруу кажет”, — деп билдирди министр.
Кошумчалай кетсек, коронавирус боюнча алгачкы 3 учур 18-мартта жарыяланган.