• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Ошто эки көчөнү байланыштырган жол салынууда

20 Бугу 202515:26 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында У.Салиева жана И. Раззаков көчөлөрүн байланыштырган жол салынууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ош шаарында тургундардын кайрылуусуна ылайык, У.Салиева жана И. Раззаков көчөлөрүн байланыштырган көчө унаа каттамдары үчүн ачылып жатат. Бул жолдун узундугу 200, туурасы 6 метрди түзөт.

Учурда жолдун негизи тегизделип, асфальт төшөөгө даярдалууда. Мындан тышкары, бир капталына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулуп, эки тарабына лотоктор орнотулган.

Белгилей кетсек, буга чейин бул тилкеде башаламан соода-сатык жайлар бар болуп, жашоочулар гана ары бери каттоочу жол болгон. Жашоочулардын суранычы менен аталган жол кеңейтилип, мыйзамсыз курулуштардан тазаланып, жасалууда.

Количество просмотров: 138