• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ошто эки жолу жер силкинүү болду

27 Бугу 201911:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-май күнү саат 00:33тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында үч баллга чейин, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

26-майда Ош облусунда күчү үч баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталган. Жер титирөө Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Ноокат, Борбаш, Кара-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроо болгон жок.


Количество просмотров: 16