• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто эл аралык издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

14 Жетинин айы 2022 12:15 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

11-ноябрда УКМК өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, «Амир» «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү ишмери, экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн М.М. аттуу чет элдик жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, кармалган жаран Европа өлкөлөрүндө (Украина, Чехия, Швеция жана Польша) жашаган “Хизб-ут-Тахрир” маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен байланыш түзүп, уюмдун жактоочуларын дистанттык түрдө жалдоо жана окутуу менен активдүү алектенип келген.

Фергана өрөөнүндөгү экстремисттик ишмердүүлүгүн координациялап, Кыргызстандын аймагында коңшу мамлекеттин укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын өлкө аймагында башка кылмыштарга катыштыгы текшерилгенден кийин, белгиленген тартипте өлкөсүнө экстрадицияланат.

Количество просмотров: 49