Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Ош шаарындагы эт сатуучу жайларда эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Маалыматка ылайык, мониторингдин жыйынтыгы менен мал эти Ош шаарында жайгашкан соода түйүндөрүндө, борбордук базарда 680 сомдон, кой эти 680 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.
Мониторинг учурунда кызматкерлер тарабынан уй, кой эттерин сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.