• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Ошто газ баллон жарылып, бир адам каза болду

10 Теке 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында тамактануучу жайда газ баллон жарылып бир жаран каза болду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-июль күнү болжол менен саат 16:00до милициянын нөөмөт бөлүмүнө А. Мамыров көчөсүндөгү тамактануучу жайда жарылуу болуп, бир киши каза болгондугу тууралуу телефон аркылуу кабарланган. Тергөө кызматынын маалыматына караганда, тамактануучу жайда газ баллон жарылып, натыйжада Ош облусунун 36 жаштагы Ш.Н. аттуу тургуну каза болгон.

Окуянын келип чыгуусун аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тамактануучу жайда иштеген кызматкерлер суракка алынып келип, жооптуу жетекчилердин жоопкерчилиги дагы каралууда. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 87