• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Ошто лифт кулап, бир адам каза болду

5 Тогуздун айы 2023 16:40 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында лифт аварияга учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка карганда, 4-октябрь күнү «112» кызматынан Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө чалышып, Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жаңы салынып бүткөн көп кабаттуу үйүнүн лифти төмөн карай түшүп, ичинде бир адам калып калганын билдирген.

«Милиция окуя болгон жерге барып кароо жүргүзгөн учурда көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө лифт түшкөн жеринде азият улутундагы жашы болжол менен 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жансыз дене Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну 1984-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Ал 2 ай убакыттан бери лифт оңдоп, иштеп жүргөн. Азыркы учурда маркумдун каза болуусунун себептерин тактоо максатында тийиштүү экспертизалар дайындалып, аталган даректин видео байкоо камераларынын эске тутуу блогу алынган»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, маркум Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну 1984-жылы туулган жараны үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Ош шаарынын 370-үйүн курган компания менен келишимдин негизинде лифт оңдоочу болуп иштеп жүргөн.

Количество просмотров: 160