• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда кырсык катталып, бир адам каза болду

8 Аяк оона 202010:56 Бишкек Govori.TV

Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында (Кубакы ашуусу) “Volkswagen Polo” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы адам каза болгон.

ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 226