• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто ишембиликте 2500 куб таштанды чыгарылды

30 Чын куран 202312:27 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында жалпы республикалык ишембиликте 2500 куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Шаарда өткөн жалпы республикалык ишембиликте шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын, аймактык кеңештин кызматкерлери өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактарды тазалашып бак-дарактарды акташты.

Ош шаары боюнча жалпы шаардык ишембиликке 16 миңден ашык адам катышты.

Количество просмотров: 100