Ош шаарында Навои көчөсүндө жолго чыгып кеткен үйлөрдү бузуп жатканда 13 жаштагы кыз жаракат алды.
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча окуя 12-апрелде болгон.
Үйдүн ичинде отурган кызга кум кыш (пескоблок) тийип, ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган. Бул факты милицияда каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Кыздын таенеси Kloop медиа порталына Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери үйдү бузуп жатканда небереси жалгыз болгонун айтып берген.
Ош мэриясы бул окуя тууралуу комментарий бере элек.