Ошто көмүр кенинде иштеп жаткан украиналык бир жаран каза таап, экинчиси ооруканага түштү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Анын айтымында, окуя 10-мартта Өзгөн районунун Саламалик айыл аймагына караштуу Беш-Терек жайлоосунда болгон. Украиналык эки жаран ал жерде көмүр кенин чалгындап жаткан.
«Шахтанын ичинде темирден жасалган тирегичтер топурак, таш менен кошо кулап түшүп, ал жерде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан 41 жаштагы жана 44 жаштагы эки украиналык жаран урандынын астында калган», — деди ал.
Каза болгон 41 жаштагы адамдын сөөгү Ош шаарына жөнөтүлдү. Ал эми бутунан жараат алган 44 жаштагы экинчи чет өлкөлүк азыр Өзгөн райондук ооруканасында жатат. Райондук милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча бул окуя тууралуу маалымат жок экенин билдирди.