• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Ошто көмүр шахтасында үч кытай жаранын таш басып калган

22 Жалган куран 2022 11:50 Бишкек Govori.TV

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылдын 20-март күнү таңкы саат 07:10 чамасында Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө участкасында орун алган «АБКЕ» көмүр кен ишканасында үч кытай жаранын таш басып калдыганы жөнүндө Өзгөн райондук ИИБнүн нөөмөт бөлүмчөсүнүн 102 номерине кабар келген.

Аталган маалымат, 2022-жылдын 20-мартында Өзгөн райондук ИИБнүн КБРдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Өзгөн РИИБдин жооптуу жетекчиси жана ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: 2022-жылдын 19-мартынан 20-мартына караган түнү 00:30 чамасында Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө участкасындагы «АБКЕ» ЖЧКсынын шахтасында, Кытай Эл Республикасынын жараандары 1971-жылы туулган Ж.Г, 1973-жылы туулган Ж. Ш жана 1973-жылы туулган В. Ж-лар шахтанын ичинде, көмүр казуу иштерин жүргузүп жатышып, казылган жерлердин үстүнкү тарабын катырып жатышканда, катырып жаткан жери көмүр аралаш чоң салмактагы таштар кулап, басып калгындыгы аныкталган.

Андан кийин бирге иштеген Кытай Эл Республикасынын жараандары тарабынан басылган жеринен казылып алынгандыгы такталган.

Бул окуя боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, сырттан шахтанын ичине чейинки болжол менен 50 метр аралыкта көчкү болгондугу аныкталган.

Маркумдардын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ош областык СМЭ бюросунун эксперттеринин ички изилдөөсүнө берилген.

Иликтөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 141