• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде көмүр казуучу карьерде бир адам каза болду

20 Бугу 202516:59 Бишкек Govori.TV

20-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Боз айылынын тоосунда жайгашкан өз алдынча көмүр казуучу карьерге (9-забой) газ толуп, ичинен 1 эркек киши чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма-сөз кызматы билдирет.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 4-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 6 куткаруучу тартылып, аталган жарандын (аты-жөнү такталууда) сөөгүн карьердин 90 метр тереңдигинен алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 159