• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто күнөскана жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды

5 Аяк оона 202517:31 Бишкек Govori.TV

Ошто 404 млн сомдук 12,3 га жер тилке күнөсканасы менен мамлекеттин менчигине кайтырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Мады айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок участкасында орун алган 12,30 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, Мады айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок участкасында жайгашкан баасы 404 млн 511 миң сомду түзгөн күнөскана 12,30 га жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Количество просмотров: 149