• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

27 Тогуздун айы 202015:25 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 27-октябрда Ош шаарынын Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатынан чыккан. Аны өчүрүүгө ӨКМден 3 бөлүм тартылган.

«Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, Ош шаардык Куткаруу кызматы тартылды. Турак үйдүн жашоочулары эвакуацияланды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 100