ӨКМдин маалымат кызматы кабарлагандай, Ош облусунун Кара-Суу районунда 11-октябрда саат 15:20лар чамасында көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн өтүп баратып кулап түштү.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, көпүрө жүк ташуучу унааны көтөрө албай ураган.
“Учурда унаалар айланма жол аркылуу өтүп жатат. Унаанын ичиндеги эки адам секирип, аман-эсен калышкан”, — деп айтылат маалыматта.