• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ошто качан жылуулук бериле баштайт?

28 Тогуздун айы 202411:11 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирди.

Анын айтымында, жылуулук этап-этабы менен 3-4 күндө толук жетет.

Биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.

Количество просмотров: 106